Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-27

Диярбакырдагы арашандар.

96148
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-27


Саламатсыздарбы! Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия программасында бүгүн Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Диярбакырга сапар алабыз. Тарыхый Жибек Жолунда орун алган, дүйнөнүн эң байыркы жерлеринин бири болгон Диярбакырды, анын тарыхы жана туристтик өзгөчөлүктөрү менен бирге термалдык булактарын да тааныштырабыз.
Диярбакыр -жер жүзүндө адам баласы жашоосун миңдеген жылдар бою үзгүлтүксүз уланткан чанда кезиккен жeрлердин бири. Археологиялык изилдөөлөрдө аймактагы жашоо издери б.з.ч 11 миң жылдарга жетет. Байыркы заманда “Амида “ аты менен таанылган бул эски шаар, ар башка доордо маданий жана экономикалык аракеттердин борбору, түрдүү маданияттардын түпкүрү болгон. Ар бир маданияттан калган издерге ээ Диярбакыр, түрдүү доорлордон калган архитектура тарабынан кызыктуу жана таасирдүү көптөгөн тарыхый эстеликтерге ээлик кылат. Бул тарыхый эстеликтердин эң кызыктуусу Диярбакырды эски жана жаңы шаар түрүндө экиге бөлгөн Диярбакыр дубалдары. Шаарды бийиктиктен караганда, дубалдар калкан балыгы сыяктуу көрүнөт. 9000-жылдагы махабаттын тарыхы катары эсептелген дубалдар, Кытай чебинен кийинки дүйнөнүн эн узун, кең жана туруктуу дубалдарынын бири болуп саналат. Ким тарабынан жана качан курулгандыгы белгисиз болгон бул дубалдар, бузулбастан бүгүнкү күнгө чейин сакталгандыгы чон ийгилик катары эсептелинет.Узундугу 6 кмге жакын, бийиктиги 10-12 метр дубалдардын бетинен 12 түрдүү маданиятка таандык жазууларды көрүүгө болот. Ушул себептүү Диярбакыр дубалдары Анадолунун тарыхый өтмүшкө бай маанилүү маданий мурастарынын бири.
Тарыхый Жибек жолунда жайгашкан жана көптөгөн доорлор бою соода жолдорунун кесилишкен борбору болгон Диярбакырдын мейманканалары да дубалдары сыяктуу белгилүү. Мурун соода борбору болгон бул мейманканалар Осмон империясынын доорунда салынган. Өзгөчө архитектурасы жана кенен короолору менен көңүл чордонуна айланган, жүздөгөн жылдардан калган бул мейманканалардын көбү бүгүнкү күндө да, соода жана коноктоо максатында колдонулуп келет.
Диярбакыр заратустра, езид жана тил маданияттарынын изи калган жер. Ислам тарыхы жагынан да өзгөчө мааниге ээ; Мекке жана Мединадан кийин Ислам дүйнөсүндө эң көп “сахаба” топтогон шаар. Убагындабул шаарда 541 сахаба болгон. Ислам жагынан гана эмес, христиандык үчүн да маанилүү борборлордун бири. Шаар Рим католик чиркөөсүнун кысымына дуушар болгон Сурияни патриархтыгынын 11-кылымда жана 19-кылымдагы ээси болгон. Диярбакырда тарыхый өтмүштөрү жана архитектурасы менен көңүлдү бурган мечиттер менен кошо 20га жеткен чиркөө орун алат.
Диярбакырдын борборунан 90 чакырым узактагы Чермик районунда жайгашкан Чермик суулары Диярбакырдын эң маанилүү термалдык булактары.”Чермик” сөзүн которгондо булак дегенди түшүндүрөт. Булакка Чермик атын берген ысык суунун качан пайда болгону, айланасындагы бассейндердин качан курулгандыгы белгисиз. Бирок кулактан кулакка өтүп, бул кунгө жеткен уламыштарга ишенсек, суулардын эчак эле бар болгонун билебиз. Анадолудагы башка булактардын окуясына окшош болгон бул уламыштын 5- кылымдарда чыкканы айтылат. Уламышта түштүк-чыгыш Анадолуда өкүм сүргөн Ажем ханынын Мелике деген кызы болуптур. Мелике бир күнү ооруп, денесин жара каптап кетет. Ошол убактагы дарыгерлер Меликени айыктырууга колдорунан келгенин жасашат, бирок шыпаа таба алышпай кыйналышат. Денесиндеги жаралардан улам жаман жыттар чыга баштаганда кыз сарайга кире алгыс болот. Хан жөөкөрлөрүн кошуп, кызды токойго жиберет. Мелике Белкыс токойдо жүргөндө булак жайгашкан жерге келип бутун ысык сууга жууйт. Бир аздан соң бутунун суу тийген жерлери айыга баштайт. Кийин булакка кайра- кайра келип дарты айыгат. Мелике Белкыстын жанындагы жөөкөрлөр бул кубанычтуу кабарды сарайга жеткирип барышат. Муну уккан хан суунун тегерегин оңдотуп, азыркы булак абалына алып келиптир.Эски доорлордон бери колдонулуп келген Чермик булактарынын 48 градус ысыктыкта чыккан күкүрт жана радиоактив суулары байыртадан бери дартка даба болуп келет. Чермик суулары ревматизмалык дарттарга, гинекологиялык ооруларга, дем алуу жолдоруна жана тери ооруларына шыпаа берет. Бул жерде жайгашкан термалдык жайлар жайы-кышы дебей миңдеген туристти кабыл алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар