Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-26

Агрынын тарыхы, кооз жаратылышы жана табигый ысык суулары

88593
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-26


Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия программасындагы бүгүнкү сапарыбыз Түркиянын эң алыскы чыгышындагы Агры аймагына багытталат. Өлкөнүн Иран менен чектешкен бөлүгүндө орун алган Агрынын тарыхы, кооз жаратылышы жана табигый ысык суулары жөнүндө айтып беребиз.

Бир канча цивилизацияны башынан өткөргөн Агры- тарыхы, маданий баалуулуктары, эч өзгөрүүгө учурабаган нукура жаратылышы, бийик тоолору жана жайлоолору менен Түркиянын чыгышындагы саякатчыларды өзүнө тарткан өзгөчө жер экендигин айгинелеп турат. Агры ысымы өзү жайгашкан Туркиянын эң бийик тоолорунун бири Агры тоосунун аталышынан келип чыккан. 5137 метр бийиктиктен орун алган Агры тоосу жай мезгилинде да чокуларынан кар кетпей, дайым булуттарга чулганган көрүнүшү менен көргөндөрдүн көз жоосун алат. Учу-кыйыры жок түптүз мейкиндиктен жогору карай көккө умтулган айбаттуу тоо, эзелтен эле окумуштуулардын, альпинистердин жана авантюристердин көңүлүн буруп, көптөгөн чыгармалардын, элдик ырлардын жана аңгемелердин жаралышына көмөкчү болгон. Мисалы, Ыйык китептерде да аты айтылган Агры тоосу Нухтун кемесинин токтоочу жайы болгондугу тууралуу риваяттар келтирилет. Жалпыга тишелүү ишенимде Нух пайгамбар бир убактарда жер жүзүн жамандыктардан коруп калган. Себеби, адамдарга сабак болсун деген максатта Кудай, Нухка бир кеме жасоосун буйрук кылган. Буйрукка ылайык кеме узундугу 300 саржан, туурасы 50 саржан жана бийиктиги 30 саржан өлчөмүндө жасалып, жер бетинде жашаган баардык жаныбарлардан жетиден эркек жетиден ургаачы кылып коштоп алып жана сойлоп жүрүүчүлөрдөн да экиден тандап, жеткидей азык-түлүктү топтогон Нух пайгамбар аялы жана уул-келиндери менен кошо кемеге түшүшү керектиги айтылат. Нух пайгамбар Кудайдын буйругун аткарып кемени жасайт да, ага жан-жаныбарлар менен бирге олтурат. 7 күндөн кийин 40 күн, 40 түн өтүп, натыйжада кеме тышындагы бүтүн жандуулар жок болот. Суулардын азайышы менен кеме Агры тоосуна келип токтойт жана ичиндеги жаныбарлар кубануу менен жер шарына тарайт. Диний көз карашта да өзгөчөлүк катары таанылган Агры тоосу альпинистердин да көңүлүн бурган кызыктуу тоо. Ар жылы дүйнөнүн төрт тарабынан келген альпинистер, бул даңазалуу тоонун чокусун багынтууну бактылуулуктун чеги сыяктуу, урматтоо менен самашат.

Агрыга келгендерге эң аз Агры Тоосу сыяктуу кызыгуу жараткан, саякатчылар көрбөстөн кайтпай турган жерлердин бири Догубаязыт шаарчасындагы “Исхак Паша Сарайы”. Догубаязыттын 8 километр чыгышында, бүркүт уясы сыяктуу жар бетинен орун алган 116 бөлмөлүү бул сарай чындыгында өтө таасирдүү. 18-кылымда Осмон империясынын адмиралы Исхак Бей тарабынан жасалган бул сарай, Урарту, Рим жана Византия доорлорунун 5000 жылдык тарыхына салыштырганда өтө эле жаңы.
100 жылга жакын мөөнөттө курулуп, орто кылымдагы имараттарды эске салган бул тарыхый жай, Стамбул шаарындагы Топкапы сарайынан кийинки эле экинчи уюмдашкан сарай катары кабыл алынат. Ичиндеги мечити, конок жайлары, убактылуу ашканалары, ички жана тышкы дубалдары, от жага турган мештери менен Исхак Паша сарайы бир чепке да окшоп кетет. Бул сарай Селжук, Иран жана Осмон ыкмаларында жасалгаланып, 18-кылымга таандык белгилүү Осмон архитектурасынын бири катары таанылат. Таштардагы кооз оймолору менен көз жоосун алган Исхак Паша сарайы айрыкча, дүйнөдөгү биринчи жылытуу системасы колдонулган өзгөчө жай.

ТРТ Түркия үнү радиосундагы Саламаттык сактоо, туризм жана Туркия програмасында адаттагыдай эле Түркиянын эң бийик Агры тоосунун этегиндеги Агры району жөнүндө айтып берип жатабыз. Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Агры, тарыхы жана туристик жайларынан тышкары Диядин кичи районунда орун алган ысык суулары менен да таанымал. Чыгыш Анадолудагы ысык суу туризминин мекени болгон кайнар булактар Диядин кичи районунун борборунан 7 километр алыстыктагы Мурат дарыясынын жээгинен орун алган.
Анадолудагы башка ысык булактар сыяктуу эле Диядин кайнар булактарынын да эзелтен колдонулуп келгендиги айтылууда. Жыландуу, Давуд, Көпрө, Тунжа жана Өзденлер аталышындагы кайнар булактарды камтыган Диядин ысык суу жайларындагы алгачкы имараттар 15-кылымда аймакта өкүм сүргөн Аккоюнлулар тарабынан салынган. Диядин кайнар булактарынан чыккан 60-70 даража ысыктыгындагы суулар темир, күкүрт, сульфат, кальций жана бикарбонат элементтерине бай келет. Андыктан ал жердин суусу дарычылык касиетке ээ болуп, тери, ашказан-боор, бөйрөк жана аялдарга тиешелүү ооруларга, дем алуу көйгөйлөрүнө, өзгөчө ревматизм, бел ооруларына миңдин бири.
Диядин кайнар булактары аймакта жашагандардын да жылда келип, зыярат кылуучу жайы. Оорулуулар кыш мезгилинде кычыраган суукка карабай, бул жерге келип, пайдалуу ысык суудан рахат алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар