Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-22

75809
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-22

Түркия геотермалдуу суулар жагынан дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Шыпаалуу суулар менен жуунуу жана арашандан пайдалануу миңдеген жылдардан бери уланып келе жаткан салт десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү программабызда тарыхта арашандары менен атагы чыгып адамдарга шыпаа тараткан Күтахия шаарын таанытабыз.
Отурукташуу жагынан 7 миң жылдык тарыхы бар Күтахия, Батыш Анадолу аймагында орун алган. Түркияда Күтахия дегенде эң биринчи шексиз бүткүл дүйнөгө таанымал фарфор идиштери ойго келет. Көптөгөн цивилизация жашап кеткен Күтахияда фарфорчулуктун тарыхы байыркы доорлорго чейин жетет. Мармара, Эгей жана Орто Анадолунун кесилишкен жериндеги Күтахиянын фарфор идиштери сыяктуу белгилүү дагы бир өзгөчөлүгү анын шыпаалуу суулары. Бул шаардын дээрлик бардык аймагынан ар түрдүү өзгөчөлүгү бар термалдуу суулар чыгат. Түркияда Министрлер кеңешинин токтому менен жарыяланган 65 термалдык борбордон сегизи Күтахияда орун алган. Бул шаардагы термалдуу суулар, ревматизм, шал жана нерв оорулары сыяктуу көптөгөн ооруларга пайдалуу жана жергиликтүү, чет өлкөлүк туристтерге шыпаа таратууда.
Күтахиянын белгилүү арашандарынын бири Йонжалы айылында орун алган жана айылдын аты менен аталган Йонжалы арашандары болуп саналат. Шаардын борборунан 16 км алыстыктагы арашандар 500 гектардык аянтта жайгашкан. Арашан суусунун курамында кальций, магний жана күкүрт бар. 42 градустук суулары ревматизм, сөөк жана муун ооруларына пайдалуу экени айтылат. Йонжалы арашандарынын өзү сыяктуу белгилүү уламыштары бар. Ал мындайча: Көптөгөн жылдардан бери ооздон-оозго өтүп келе жаткан уламышка караганда Йонжалы арашаны Киразлы тоосунун этегинде орун алып, жерден ысык суу кайнап чыгып көлмөгө айланганы белгилүү болгон . Анадолу Селжук мезгилинде, 13-кылымда Султан 2-Алааддин Кейкубаттын Гүлүмсер аттуу оорукчан кызы болуптур. Жаш кезинде ооруп калган Гүлүмсер абалы күндөн күнгө оор боло баштайт. Бир күнү котур түлкүнүн Йонжалыдагы көлмөгө түшкөндөн кийин айыкканын көргөндөр бул кабарды дароо Султанга билдиришип жана Гүлүмсерди ушул сууга жуунтууну сунушташкан экен. Ошол күнгө чейин кызынын дартына даба таба албаган Султан 2-Алааддин Кейкубат аргасыз бул сунушту кабыл алат. Гүлүмсер Йонжалынын ысык сууларында жуунат. Бир канча мөөнөт дарылангандан кийин Йонжалыдан айыгып кайтат. Султан 2-Алааддин Кейкубат башка адамдардын да шыпаа табуусу үчүн Йонжалыда бассейндүү чоң мончо жана мечит салдыртат. Йонжалыга каттагандар өтмүштүн издерин чагылдырган бул тарыхый мончо жана мечитти учурда да кыдырып көрө алышат.
Саламаттык сактоо,туризм жана Түркия аттуу программабызда бүгүн Күтахия шаарынын геотермалдуу сууларынан сөз кылуудабыз. Күтахияда орун алган арашандардын бири Ылыжа арашаны болуп саналат. Айлана-чөйрөсү чытырман токойлор менен курчалган Ылыжа арашандары Күтахиянын түндүгүндө, 21 км алыстыкта орун алган. «Харлек» деп да айтылган арашандын сууларынын жылуулугу 25 градустан 43 градуска чейин жетет. Арашан сууларынын ревматизм, тери жана нерв оорулары, гинекология оорулары, боор, бөйрөк жана өт ооруларына пайдалуу экени белгилүү. Айрыкча толуктоочу дарылоо катары гут, уйкусуздук, люмбаго, сынык ооруларын дарылоодо да өзгөчө сунушталат.
Көптөгөн шыпаалуу суу булактары орун алган Күтахиядан сиздерге тааныткыбыз келген үчүнчү жана акыркы термалдык борбор, Симаз районундагы «Эйнал арашандары». 17-кылымда жашаган атактуу түрк саякатчысы Эвлия Челеби саякаттарын жазган «Саякатнаама» аттуу чыгармасында Эйнал тууралуу: «Көптөгөн арашандарга бардым, көрдүм бирок Эйнал сыяктуусун көргөн жокмун. Мындай арашан жер жүзүндө жок»,-деп жазган. Күтахиянын түштүк-батышында Симавдан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан Эйнал арашандары учурда да 400 жыл мурдагысындай таасирдүү. Арашандын 70-90 градустук сууларынын курамында кальций, натрий, бикарбонат жана сульфат бар. Эйналдын минералдарга бай шыпаалуу суулары дээрлик бардык ооруларга пайдалуу. Эйнал арашандарынын ысык суулары бир гана шыпаа таратпастан, ошол эле учурда Симав районунун жылуулугун да камсыздайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар