Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-20

66157
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-20


Саламаттык сактоо,туризм жана Түркия аттуу программабызда Түркиянын саламаттык туризми темасындагы потенциялын түшүндүрүүдөбүз. Дүйнөлүк стандарттардагы толук жабдылган ооруканалары, тажрыйбалуу дарыгерлери, кыска убакытка күтүү мөөнөттөрү жана ылайыктуу баалары менен Түркия, чет өлкөлүк оорулуулар тарабынан эң көп тандалган өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Акыркы жылдарда дүйнөнүн ар башка аймактарынан туристтерди Түркияга тарткан дагы бир жагдай болсо Анадолунун шыпаалуу суулары. Геотермалдуу булактары жагынан дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнөн бири болгон Түркияда көп сандаган термалдуу суулар жана арашандар бар. Бүгүнкү программабызда да геотермалдуу булактарга бай шаарлардын бири болгон Афьонкарахисардан сөз кылабыз.
Батыш Анадолуда орун алган Афьонкарахисар же кыскача Афьон Түркиянын маанилүү термалдык аймактарынын бири болуп эсептелет. Бул жердеги термалдуу суулар байыркы доорлордон бери, б.з.ч. 12-7-кылымдын арасында өкүм сүргөн Фригия корольдугу мезгилинен бери колдонулуп келе жатат. Анадолуда жашап өткөн римдиктер, византиялыктар, селжуктар жана Осмон мезгилдеринде Афьон ар дайым термалдуу суулары менен алдыга чыккан аймак болгон. Афьондо көптөгөн арашандар орун алып, булардын арасында эң таанымалы Газлыгөл арашаны менен Хүдаи арашандары болуп саналат.
Газлыгөл арашаны Афьон шаарынын борборунан 21 километр алыстыктагы Хамамкөй аймагында жайгашкан. Бул жердеги төрт мончодон эң эскиси болгон «Эскихамам» Рим доорунан бери колдонулуп келе жатат.
Газлыгөлдөгү арашандын тарыхы Фригия мезгилине чейин жетет. Газлыгөлдүн шыпаалуу сууларына байланыштуу белгилүү уламыш бар. Анда мындай деп айтылат: б.з.ч. 8-кылымда жашаган Фригия королу Мидас, бардык нерсеге ээ болгонуна карабастан балалуу боло албаптыр. Король бул абалга өтө кайгырып күнү-түнү бала тилеп кудайга жалынчу экен.
Акырында тилеги кабыл болгон король Мидас кыздуу болуптур. Атын Суна коюшуптур. Суна балакатка жетип калган кезинде жаман дартка кабылат. Бул сулуу кыздын денесине жаралар чыгат. Ал жараларды эч бир доктур айыктыра албаптыр. Сыздатып ооруткан жараларына чыдабаган кыз жолго түшөт. Сулуу кыз өңгүл-дөңгүл жолдорго карабастан кете берет. Жайдын ысык күнүндө королдун жерлериндеги Афьонго жакын жерге чейин барат. Ысыктан тердеп абдан суусайт. Ичүүгө суу издей баштайт. Учурдагы Газлыгөл арашаны орун алган жерде айлана-чөйрөсү бак-дарактуу сууну көрөт. Кыз суусагандыктан тегерегиндеги балыктарга карабастан ал суудан суусуну кангыча ичет. Караса эле, суу тийген жерлериндеги жаралар айыга баштайт. Сулуу кыз дароо сууга түшөт. Жуунган сайын ооруганы басылып, өзүн жеңил сезе баштайт. Суудан чыгып ошол жерде уктап калат. Ойгонгондо оорусу басылып, жаралары кургай баштаганын көргөн. Суна суунун жээгинде бир жумадай калып, күн сайын сууга түшөт. Бир жумадан кийин жаралары толугу менен айыгат. Мурдагысындай эле сулуу болгон кыз абдан кубанат жана сарайга кайра кайтат. Кызынын айыкканын көрүп аябай сүйүнгөн король Мидас: «Дароо ал жерге мончо салынсын, келгендер дарттарына даба тапсын»,- деп буйрук бериптир.
Газлыгөл арашаны 2700 жыл мурдагысындай эле учурда да келгендерге шыпаа берүүдө. 64 градустук суулар ичүү же мончо жолдору аркылуу пайдаланылууда. Бул арашандар ревматизм, невралгия, аял ооруларына жана көптөгөн тери ооруларына пайдалуу.
Саламаттык сактоо,туризм жана Түркия аттуу программабызда бүгүн Афьон шаарындагы арашандардан сөз кылуудабыз.
Афьондун Газлыгөл сыяктуу дагы бир арашаны Хүдаи арашаны болуп саналат. Афьондун Сандыклы районунун 8 чакырым түштүгүндө орун алган Хүдаи арашандары да так эле Газлыгөл сыяктуу 3000 жылга жакын мезгилден бери пайдаланылып келе жатат. Анадолуда Афьон жана анын чөйрөсүндө б.з.ч. 1200-700- жылдардын арасында өкүм сүргөн Фригия королдугу мезгилинде ээ болгон шыпаалуу суулардан улам бул аймакта «Фригия Салутарис» б.а «Шыпаалуу Фригия» деп айтылган. Тарыхый китептерде Хүдаи арашандарынын алгачкы христиандык доорунда да маанилүү шыпаа борбору болгону жазылган. Ал аймактын башкы эпискобу болгон Азиз Мишелдин бул жерде оорулууларды дарылаганы, ал дарылоонун китептерде Азиз Мишелдин мужизалары деп жазылганы да ошол күндөрдөн бүгүнкү күнүбүзгө чейин жеткен маалыматтардан болуп саналат.
Хүдаи арашандарынын башка арашандардан айырмасы бүткүл дүйнөгө белгилүү баткак мончолору болуп эсептелет. Арашандын шыпаалуу суулары 500 метрге жеткен геологиялык жараканын ар башка жерлеринен кайнап чыгат. Баткак мончосунда колдонуу үчүн атайын даярдалган топурак, 68 градустук арашан суусу менен аралаштырылат. Бул процесстин жыйынтыгында орто эсеп менен 40-45 градустук жылуулуктагы баткак пайда болот. Мына ушул баткактын денеге сүртүлүүсү менен ишке ашырылган баткак мончосунун көптөгөн ооруну айыктырганы айтылууда. Бул аймактан чыккан арашан суусу жана баткагы дарылаган оорулардын башында муун оорулары жана омуртка оорулары турат. Ревматизм, невралгия, өт оорулары, гинекологиялык оорулар жана метаболизмдин бузулушуна да Худаи арашандарынын пайдалуу экени белгилүү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар