Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-18

130178
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-18


Дүйнөдө саламаттык сактоо турзми барган сайын маанилүү боло баштады. Саламаттык сактоо туризминин маанилүү тармактарынан бири болгон термал туризми да ушул алкакта барган сайын дагы көп талап кылынууда. Түркия арашандар жана саламаттык сактоо жагынан табигый булактарга абдан бай өлкө. Өлкөдөгү арашандар жылуулугу, агымы, ар түрдүү физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү менен Европадагы башка термалдуу сууларга салыштырмалуу дагы жогорку сапатта болуп эсептелет. Климаттык шарттары да Түркияны термалдуу суулар туризми жагынан ыңгайлуу кылууда. Геотермалдуу борборлордун кээ бирлеринде ыңгайлуу климаттык шарттардан улам шыпаалуу суулар менен дарылануу мезгили 200 күнгө чейин созулууда. Акыркы жылдарда удаама-удаа салынып жаткан термалдык жайлар Түркияны жакында термал туризминин бейиши кыла тургандай көрүнүүдө.
Мармара аймагында орун алган Бурса шаары Түркиянын эң кооз шаарларынан бири болуп саналат. Айлана чөйрөсү жапжашыл жана абасы таптаза чыныгы саламаттык сактоо борбору болгон Бурса бир эле учурда Түркиядагы термалдуу суулар туризминин да маанилүү борборлорунан бири болуп эсептелет. Бул шаарда көп сандаган арашандар бар.
Бурсада термалдуу суулар менен дарылануунун тарыхы негизи Рим империясы мезгилине чейин созулууда. Тарыхчылар римдиктердин көпкө согушкан жана жараланган аскерлерин Бурсанын термалдуу сууларында эс алдыргандарын, дарылап жатканда бул сууларды колдонгондорун сөз кылышууда. Бурсанын шыпаалуу сууларына Рим империясы экиге бөлүнгөндөн кийин Анадолу аймагынын жерлеринде курулган Византия империясы мезгилинде да көптөгөн кишилер келип кетчү. Келгендер жалгыз гана карапайым кишилерден эмес эле. 6-кылымда жашаган Византия королу Юстиниандын сулуулугу менен атагы чыккан жубайы ханыша Теодора Бурсадагы арашандарга тынымсыз барган кишилерден болчу. Ушундан улам болсо керек Бурсанын Чекирге аймагында орун алган арашандар калк арасында «Теодора арашандары» деп аталууда. Бул арашандар кийин сежуктар менен осмондуктар тарабынан өнүктүрүлгөн жана жаңы салынган кошумча жайлар менен мааниси дагы да арткан.
Осмон мезгилинде да арашан дегенде алгач ойго келген жер Бурса эле. Ушундан улам 17-кылымда жашаган атактуу түрк саякатчы Эвлия Челеби түрк тилиндеги каплыжа б.а арашан термининин Бурсада жаралганын айткан. Осмон мезгилинде Бурсадагы шыпаалуу сууларга өзгөчө маани берилген. Рим доорунан калган эски мончолор оңдолуп, жаңылары салынган. Көптөгөн кылымдар бою сарайдын жогорку мартабалуу жооптууларынан Стамбулдагы таанылган кишилерге чейин, түрк элчилерден саякатка чыккан чет өлкөлүк элчилерге чейин, жазуучу жана илимпоздордон мамлекет башчыларга чейин көп сандаган белгилүү кишилер Бурсадагы арашандарга шыпаа табуу үчүн барышкан. Падыша Кануни Султан Сулеймандын да ушул арашандардан пайдаланганы тарыхта айтылып келген.
Бурсадагы арашандар Республика мезгилинде популярдуулугун уланткан жана эң көп тандалган арашандардан болгон. Өзгөчө Республиканын алгачкы жылдарында жаңы мейманканалар курулган. Бурса учурда да Түркиядагы термал туризминин маанилүү борборлорунан бири болуп саналат. Жыл сайын көп сандаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк турист шыпаа табуу үчүн Бурсаны тандоодо. Бул жерде термал туризми багытында көптөгөн жайлар бар. Ушул жайлардан жыйырмасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу, ал эми 3 арашан болсо Маданият жана туризм министрлигине караштуу түрдө тейлөөсүн улантууда.
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда шыпаалуу суулар шаары Бурсаны жана арашандарын түшүндүрүүдөбүз.
Тарых бою адамдарга шыпаа тараткан Бурсанын термалдуу сууларынын булагы болсо бир эле учурда Түркиянын маанилүү лыжа борборлорунан бири болгон Улудаг болуп саналат. Мифологиялык каттоолордо аты Олимп «Теңирлердин тоосу» деп аталган Улудаг-эски вулкан болгондуктан термалдуу жана минералдуу суулар жагынан өтө бай. Ушундан улам Улудагдын жарча жана жеринин түзүлүшү геотермалдуу суулардын пайда болушунда таасирдүү болгон. Улудагда 2000-2500 метр бийиктикке жааган кар жердин астына сызылып агат. Андан кийин жердин астында ысып жарчалардагы минералдарды алат жана жаранкалардан сызылып кайра жердин үстүнө чыгат. Тоонун чокусуна түшкөн кардын ар түрдүү баскычтардан өткөндөн кийин кайрадан жердин үстүнө чыгышы деп мүнөздөлгөн бул процесс толук 50 жылга созулат. 50 жылдан кийин жердин үстүнө чыккан бул суу геотермалдык энергияны жылуулук катары чогултуп, сульфат сыяктуу минералдар менен толукталган жана эми шыпаа берүүгө даяр.
Бурсанын шыпаалуу суулары Улудаг тоосунун этектериндеги жаранкадан кайнайт. Жердин үстүнө жакындаганда ар башка нуктар менен жайылгандыктан суулардын составында жана жылуулук температураларында өзгөрүүлөр болот. Шыпаалуу суулардын чоң бөлүгү деңиз деңгээлинен 220 м бийиктиктеги Чекирге аймагында орун алган. Составындагы туздун өлчөмү аз болгон бул суунун жылуулугу 45 градустан бираз жогору. Бул сууларда ар түрдүү минералдарга бай химиялык заттар, газдар жана жогорку радиоактивдүү зат бар. Бурсанын дагы бир термалдуу суусу болсо Күкүртлү аймагында жайгашкан. Бул жерден чыккан суунун жылуулугу болсо 82 градуска чейин жетет.
Жүздөгөн жылдар бою ар түрдүү цивилизациялардын шыпаа борбору болгон Бурсанын шыпаалуу суу булактары учурда да көптөгөн ооруну дарылоодо колдонулууда. Бул суулар мончодо пайдалануу жолу сыяктуу ичүү жана дем алуу жолу аркылуу да адамдын ден- соолугун чыңдоодо. Бурсадагы арашандар алгач нерв системасы жана тери оорулары менен катар ревматизм, ашыкча салмактуулук сыяктуу ооруларга пайдалуу. Адистер Бурсадагы арашандардын муун ооруларын, аялдардын ооруларын, бөйрөк жана өт ооруларын да айыктырганын белгилешүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар