Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-17

129211
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-17

Мончолор менен арашандар тарых бою көптөгөн цивилизациянын көздөгөнү болгон. Адамдар тазалануу, шыпаа табуу, ал эмес айрым социалдык иш-чаралар үчүн да термалдуу суулар орун алган жайларды колдонушкан. Маанилүү геотермалдык аймакта орун алган Түркияда шыпаалуу суулар бардык мезгилде талап кылынган жерлер болгон.
Ялова Түркиянын түндүк-батышындагы Мармарай деңизинин жээгинде жайгашкан тынч жана кооз жер. Бул кооз шаарда орун алган арашандар Түркиянын эң көп тандалган жана белгилүү арашандарынан болуп эсептелет. Геотермалдуу булактар жагынан өтө бай болгон Ялованын маанилүү арашандарынан бирөө шаардын Термал районунда, экинчиси болсо Армутлу районунда орун алган.
Термалдагы арашандар Ялова областынын борборуна 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Термал сөзү түрк тилинде «жылуу арашан суусу» дегенди түшүндүргөнүн айта турган болсок, Термал районуна эмне себептен ушул аттын коюлгандыгы дагы жакшы түшүнүктүү болот. Бул жер эки тоонун ортосунда орун алган, айлана чөйрөсү жапжашыл 3600 гектардык токой талаасынан турган өрөөн болуп саналат. Термалдык жайлардын кире беришинде сиздин маңдайыңызга шаркыратма чыгат.
Пайдалуу өсүмдүктөр менен курчалган арашандын тегерегинде 65 башка түрдөгү бак-дарактар бар. Ар бир мезгилде түркүн түстүү ачкан гүлдөрү, ар түрдүү өсүмдүктөрү, агын суулары жана куштары менен Термалдуу суулар туристтерди суктандырат.
Районго аты коюлган термалдуу суулар мындан 4000 жыл мурда болгон жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Адамдардын бул термалдуу суулардан пайдалануулары болсо 2000 жыл мурдагыга чейин жетет. Тарыхта Пития деп билинген аймакта курулган Ялова термалдуу арашандары байыркы доорлордо «Питиянын күч-кубат берүүчү арашандары» деп аталчу. Жердин жараңкаларынан чыккан буу жана ысык суудан улам ал доорлордо адамдар жердин астында ажыдар жашаганына жана бул жердин жер астындагы теңирге таандык экенине ишенишкен. Тарыхы байыркыга чейин жеткен бул арашандын аңгемеси да бар. Булардын арасында эң белгилүү аңгеме Константинополис Текфуру Янконун кызы Эленинин ушул арашандын суусунан шыпаа табышы эле. Аңгемеге караганда Элени денесине жайылган жаралардын айынан термалдык жайга жайгашып адамдардан алыс жашай баштайт. Сейилдеп басып жүргөн учурунда жаралуу эликтин күн сайын ысык сууга жуунганын жана күн өткөн сайын жараларынын айыгып баратканын байкайт. Ушул эле дарылоону өзүндө да ишке ашырат жана денесиндеги жаралар айыгат. Кызы Эленинин айыкканын көргөн Текфур бул жерге калк пайдалана ала турган мончолорду салдырат, ушундайча учурдагы арашандуу шаар Термалдын пайдубалы түптөлгөн болот.
Византия королу Константин биздин замандын 4-кылымында Термалга чоң-чоң жайларды салдырып, бул жердеги шыпаалуу суулардын дагы кеңири эл массалары тарабынан пайдаланылышын камсыздаган киши болгон. Осмон доорунда болсо Термал арашанындагы шыпаалуу суулар алгач көп талап кылынбайт. Бирок 19-кылымда жүргүзүлгөн илимий изилдөөдө Термалдын сууларынын жогорку сапаттуу экени ортого салынганда аймакка болгон кызыгуу арта баштайт. Ошентип жаңы мейманканалар жана мончолор салынат. Бул шыпаалуу суулар шаары гүлдөгөн мезгилин болсо Республиканын алгачкы жылдарында жашайт. Яловага жана өзгөчө арашандар орун алган аймакка суктанган Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк бул жердин дүйнөгө таанымал саламаттык сактоо борбору жана шыпаалуу суулар шаарына айланышында жол башчылык кылат. Ушул алкакта жаңы эс алуучу жайлар, мейманканалар курулат. Андан кийинки жылдарда шыпаалуу суулар дегенде Термал арашандары ойго келген алгачкы жерлерден бири болот.
Жүздөгөн жылдар бою ар башка цивилизациялардын шыпаа борбору болгон Термалдын суулары учурда да көптөгөн ооруну дарылоодо колдонулууда. Чанда кездешилген минерал жана газдарды камтыган, радиоактивдүүлүгү жогору арашан суулары күнүбүздө мончо жана ичүү жолдору менен адамдардын ден-соолуктарын чыңдоодо. Ревматизм, бөйрөк, сийдик-түтүк жолдору, метаболизм, сиңирүү системасы, боор же өт оорулары менен жабыр тарткандар үчүн Термал арашанынын суулары абдан пайдалуу. Жалгыз гана булар эмес албетте, кайнардан 66 градустук ысыктыкта чыккан, пайдалануу үчүн 40 градуска муздатылган Термалдын шыпаалуу суулары ортопедия операцияларынан кийин, тери ооруларында, аялдардын ооруларында жана функциялык ооруларда да шыпаа таратууда.
«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды угуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын түндүк-батышындагы Ялова шаарындагы термалдуу сууларды түшүндүрүүдөбүз.
Ялованын Термал сыяктуу дагы бир арашаны болсо Армутлу районунда жайгашкан. Ялова областтынынын борборуна 51 чакырым алыстыкта болгон арашан Армутлу районунун борборунун 4 чакырым түндүгүндө орун алууда. Зайтун бактары жана ар түркүн бак дарактар менен курчалган өрөөндөгү Армутлу арашандары, дарыянын жээгине тизилген көп сандаган булактан турат. Термалдын шыпаалуу суулары сыяктуу Армутлудан чыккан суулар да мончо жана ичип дарылануу үчүн колдонулууда. Армутлудагы арашандар радиактивдүүлүгү жогору болгон арашандарга кирүүдө. Бул өзгөчөлүгүнөн улам кислотанын денеден тазаланышында, нерв системаларында, инфекциялык ооруларда, аял ооруларында, ашказан жана ичеги ооруларында, жараларды айыктырууда, боордун тартиптүү иштешинде, гормондордун калыбына келишинде жана сийдикөтүтүк жолдоруна пайдалуу таасирлери бар. Бирок Армутлунун шыпаалуу суулары бардык эле ооруга пайдалуу боло бербейт. Рак, туберкулез, жүрөк же өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооругандар бул сууларды колдонууда этият болуулары керек. Анткени радиактивдүүлүк жакпагандыктан бул оорулар үчүн Армутлунун суулары айыктыруунун ордуна зыян тийгизиши мүмкүн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар