Түркиядан анчоус экспорту

Түркиядан өткөн жылы 26 өлкөгө анчоус экспорттолду.

2088914
Түркиядан анчоус экспорту

Түркиянын 2023-жылдагы анчоус экспортунун кирешеси 23 пайызга өсүп 13 миллион 745 миң 45 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, суу азыктарында алдыңкы орунду ээлеген Түркиядан өткөн жылы 26 өлкөгө анчоус экспорттолду.

2022-жылдын январь-декабрь айларында 11 миллион 137 миң 463 доллар болгон анчоус экспортунун кирешеси, өткөн жылы 23 пайызга өсүп 13 миллион 745 миң 45 долларды түздү.

Көлөм жагынан алганда да 2022-жылы 2 миң 102 тонна болгон экспорт 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 45 пайызга өсүү менен 3 миң 54 тоннага жетти.

Анчоуска эң көп суроо-талап Франция, Бельгия жана Германиядан келди.

Быйыл Түркиядан Францияга 4 миллион 831 миң 138 доллар, Бельгияга 4 миллион 86 миң 121 доллар, Германияга 1 миллион 349 миң 308 долларлык анчоус экспорттолду.

2022-жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып өткөн жылы Швеция, Өзбекстан, Ирак, Молдова, Малайзия жана Сомалиге да анчоус сатылды.



Тектеш кабарлар