Түркиянын кургатылган мөмө экспорту өстү

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда кургатылган мөмө жана азыктар сектору биринчи чейректе 124 өлкө жана эркин аймактарга 118 миң 738 тонна өнүм жөнөттү.

2133292
Түркиянын кургатылган мөмө экспорту өстү

Түркиянын кургатылган жемиш экспорту жылдын биринчи чейрегинде 29,9 пайызга өстү.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда кургатылган мөмө жана азыктар сектору биринчи чейректе 124 өлкө жана эркин аймактарга 118 миң 738 тонна өнүм жөнөттү.

Экспорттолгон өнүмдөрдүн ордуна 497 миллион 639 миң доллар киреше алган сектор өкүлдөрү, 383 миллион 124 миң долларлык тышкы сатуу жасалган өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кирешесин 29,9 пайызга көбөйттү.

Сектор эң көп кирешени 133 миллион 284 миң доллар менен уруксуз мейизден, 114 миллион 450 миң доллар менен кургатылган өрүктөн жана 86 миллион 420 миң доллар менен кургатылган инжирден алган.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 24 миллион 251 миң долларлык сатуу жасаган мисте өндүрүүчүлөр бул жылы сатуу кирешелерин 74 миллион 54 миң долларга чыгарышты.

Сектор эң көп экспорт кылган өлкө тобу 192 миллион 378 миң доллар менен Европа өлкөлөрү болду.

Кургатылган мөмө өндүрүүчүлөрү 61 миллион 596 миң доллар менен Германияга эң көп сатууну жасады.

Германиядан кийин 48 миллион 402 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 45 миллион 661 миң доллар менен Англия, 30 миллион 484 миң доллар менен Франция турат.



Тектеш кабарлар