Түркиянын эмерек, кагаз жана токой продукцияларынын экспорту

Түркиянын эмерек, кагаз жана токой продукциялары сектору октябрь айында 678 миллион доллар, жылдын 9 айында 6,6 миллиард доллар экспорттоду.

2063318
Түркиянын эмерек, кагаз жана токой продукцияларынын экспорту

Түркиянын эмерек, кагаз жана токой продукциялары сектору октябрь айында 678 миллион доллар, жылдын 9 айында 6,6 миллиард доллар экспорттоду.

Стамбул экспортчулар бирикмелеринин  билдирүүсүнө ылайык, Түркиянын 2023-жылдын октябрь айына карата экспорттук маалыматтары Түркия экспортчулар ассамблеясы  тарабынан билдирилди.

Октябрь айынын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 7,4 пайызга өсүп 22,9 миллиард долларга жетсе, акыркы 12 айда тышкы сатуу 0,7 пайыздык өсүү менен 254,8 миллиард долларга жетти.

Октябрь айында 678 миллион долларлык экспорт жасаган сектор, жылдын 9 айында 6,6 миллиард долларлык тышкы соодага жетти.

Жылдын 9 айында 6,6 миллиард долларлык  экспортту ишке ашырган  эмерек, кагаз жана токой продукциялары секторунун эң көп товар саткан өлкөлөрдүн арасында Ирак жылдын 9 айында да биринчи орунду алды. 

839 миллион доллар менен  биирнчи орунду алган Ирактан кийин 326  миллион доллар менен  Израиль келди. 

Үчүнчү орунда турган  Британияга жасалган экспорт 325 миллион доллар болсо, эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары экспорту төртүнчү орундагы Германияга 279 миллион доллар, бешинчи орундагы  АКШга 258 миллион долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар