Анталья эң көп орус жана немис туристтерди тосуп алды

Антальяга эң көп зыяратчы жиберген өлкөлөрдүн арасында 2 миллион 379 миң 216 турист менен Россия биринчи орунду алды.

2042911
Анталья эң көп орус жана немис  туристтерди тосуп алды

Анталья жылдын биринчи 8 айында эң көп орус жана немис туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, 1-январдан 31-августка чейин шаарга 10 миллион 835 миң 204 киши келген, анын 10 миллион 209 миң 855и чет элдик, 625 миң 349у чет өлкөдө жашаган түрк жарандары.

Бул мезгилде Антальяга эң көп зыяратчы жиберген өлкөлөрдүн арасында 2 миллион 379 миң 216 турист менен Россия биринчи орунду алды.  Россиядан келген туристтердин санында өткөн жылдын ушул эле  мезгилине салыштырмалуу 32,5 пайыздык өсүү болду.

Россиядан кийин 2 миллион 108 миң 816 зыяратчы менен Германия болду. Немис туристтеринде да 17,34 пайыздык өсүш болду.

Үчүнчү орунда турган  Британия рыногунда 14,58 пайызга, төртүнчү орунда турган Польшада 39,2 пайызга өсүү болду. Польшадан кийин Нидерландия, Казакстан жана Румыния эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында.

Август айында эле шаарга 2 миллион 604 миң 832 турист келип, өткөн жылга салыштырмалуу  турист санында 10,45 пайызга өсүү болду. 

 

 

 



Тектеш кабарлар