Аба жолу менен Антальяга келген турист санында өсүү болду

Жылдын 6 айында Антальяга аба жолу менен келген турист саны 5 миллион 523 миң 624кө жетти.

2005768
Аба жолу менен Антальяга келген турист санында өсүү болду

Жылдын 6 айында Антальяга аба жолу менен келген турист саны 5 миллион 523 миң 624кө жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-январдан 30-июнга чейин шаарга аба жолу менен 5 миллион 523 миң 624 турист келген.

 

Былтыркыга салыштырмалуу туристтердин саны 29 пайызга өстү.

Түркиянын жана Антальянын эң негизги базарларынын бири болгон Россия жылдын 6 айында шаарга эң көп турист жөнөткөн өлкө болду.

 

Бул процессте 1 миллион 309 миң 267 орус Антальяда эс алууну тандады.

Орус турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,24 пайызга өстү.

Орустардан кийин  1 миллион 191 миң 62 турист менен немистер келди.

 

Немис турист саны да өткөн жылга салыштырмалуу 22,96 пайызга өстү.

Анталья үчүн маанилүү базарга айланган Британия да  520 миң 569 киши менен эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде үчүнчү орунга чыкты.

Биринчи ондукка  Польша, Голландия, Казакстан, Румыния, Литва, Израиль жана Украина кирди.

Июнь айында өткөн жылга салыштырмалуу туристтердин саны өстү.

Өткөн жылдын июнь айында аба жолу менен 1 миллион 869 миң 206 турист келген шаар быйыл ушул эле мезгилде 2 миллион 141 миң 809 кишини тосуцп алды.

 



Тектеш кабарлар