Түркиянын мебель,кагаз жана токой продукцияларынын экспорту

Түркиянын эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары экспорту алгачкы 5 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 миллиард долларды түздү.

1997638
Түркиянын мебель,кагаз жана токой продукцияларынын экспорту

Түркиянын эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары экспорту алгачкы 5 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 миллиард долларды түздү.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын  маалыматына караганда Түркиянын акыркы 12 айдагы экспорту май айынын акырында 254,4 миллиард долларга жетип, алгачкы 5 айдын экспорту 102,5 миллиард доллар болду.

Январь-май мезгилинде Түркиянын эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары экспорту 3 миллиард 318 миллион долларды түздү.

Аталган мезгилде 202 өлкөгө экспорт жасалып, 8 өлкөгө 100 миллион доллардан, 129 өлкөгө 1 миллион доллардан ашык эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары экспорттолду.

Алгачкы 5 айда Ирак 401 миллион доллар менен сектор эң көп экспорт жасаган өлкөлөрдүн бири болуп, бул өлкөгө экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга өстү.

Ирактан кийин 172,7 миллион доллар менен Израил, 169 миллион доллар менен Британия, 147,1 миллион доллар менен Германия, 131 миллион доллар менен Иран, 120,4 миллион доллар менен Ливия турат.

Америка Кошмо Штаттары 116 миллион доллар, Франция 104,7 миллион доллар, Марокко 99,5 миллион доллар жана Россия 97,7 миллион доллар менен биринчи 10до орун алды.



Тектеш кабарлар