Айыл чарба тармагынан январь-май айларында эң жогорку экспорт

Айыл чарбада иш алып барган 10 тармактын 4ү жылдын 5 айында экспорт рекорддорун жаңыртты.

1995973
Айыл чарба тармагынан январь-май айларында эң жогорку экспорт

Айыл чарба сектору 14 миллиард 58 миллион доллар менен январь-май айларынын эң жогорку экспортуна жетишти.

Жылдын 5 айында 4,8 пайызга өскөн айыл чарба экспорту Түркиянын жалпы тышкы сатууларынан 13,7 пайыздык үлүш алды.

Айыл чарбада иш алып барган 10 тармактын 4ү жылдын 5 айында экспорт рекорддорун жаңыртты.

Белгиленген мезгилде дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары, мөмө-жемиштер жана жашылчалар, зайтун жана зайтун майы, декоративдүү өсүмдүктөр жана буюмдар сектору бардык мезгилдердин эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Өлкөлөр боюнча каралганда 5 айда дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана алардын азыктары Иракка 837 миллион 249 миң доллар, жашылча-жемиш сектору Орусия Федерациясына 402 миллион 401 миң доллар, зайтун жана зайтун майы сектору Испанияга 172 миллион 874 доллар, декоративдүү өсүмдүктөр жана буюмдар Нидерландияга 19 миллион 878 миң долларлык экспорт жасады.



Тектеш кабарлар