Түркиянын чай экспорту

Түркиядан январь - апрель айларында чай экспорту 39 пайызга өсүп 11 миллион 365 миң 591 долларга жетти.

1989802
Түркиянын чай экспорту

Түркиядан январь - апрель айларында чай экспорту 39 пайызга өсүп 11 миллион 365 миң 591 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин  төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган 4 айда Түркиядан 98 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылганын айтты.

Гүрдоган 2023-жылдын январь-апрель айларында 2 миң 323 тонна чай экспортунан 11 миллион 365 миң 591 доллар киреше алынгандыгын билдирди.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өлкөдөн 2 миң 458 тонна чай экспортунан 8 миллион 192 миң 169 доллар киреше алынганын белгилеген Гүрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Чай экспортубуз өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 39 пайызга өстү. Бельгия, Америка Кошмо Штаттары  жана Улуу Британия эң көп экспорт кылынган 3 өлкө болду. Бул мезгилде  Бельгияга 4 миллион 765 миң 324,   АКШга 1 миллион 934,  Улуу Британияга 953.309 долларлык чай  экспорттолду»,- деди.

Экспорттун көбөйүшү менен өлкөлөрдүн  түрдүүлүгүнүн да көбөйгөнүн белгилеген Гүрдоган бул мезгилдин ичинде  Словакия, Мексика, Испания, Италия, Габон, Панама, Индонезия, Малайзия, Тайвань, Португалия, Ангола, Гамбия, Того жана Руандага да чай сатылганын айтты. 



Тектеш кабарлар