Орустарга жана украиндерге турак жай сатууда өсүш болду
Январь-ноябрь айларынын аралыгында Түркияда чет элдиктерге сатылган турак жайлардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 10 миң 389га өсүп, 61 миң 741ге жетти.
Орусия-Украина согушу эки өлкөнүн жарандарынын Түркиядан сатып алган үйлөрдүн санынын көбөйүшүнө да чагылды.
Январь-ноябрь айларынын аралыгында Түркияда чет элдиктерге сатылган турак жайлардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 10 миң 389га өсүп, 61 миң 741ге жетти.
Бул өсүүдө орус жана украин жарандары алган турак жайлар башкы ролду ойноду.
Ушул эле мезгилде эки өлкөнүн жарандарынын Түркиядан сатып алган турак жай саны 10 миң 608 даанага өстү.
24-февралда Орусия-Украина согушунун башталышы менен эки өлкөнүн жарандарынын Түркиядан сатып алган турак жайларынын санынын ылдам өсүүсү көңүлдөрдү бурду.
Согуш башталган февраль айында орустар Түркиядан 509 үй сатып алышты. Согуштан кийин сатуулар кескин өсүп, июнда 1887га чейин көтөрүлдү. Кийинки айларда азайган сатуулар жыл аягында кайрадан өсө баштап ноябрь айында 2 миң 575ке жетти.
Ошол эле мезгилде украин жарандары тарабынан сатылып алынган турак жайлардын саны да өстү.
Согуш башталган февраль айында украиндер Түркиядан 111 үй сатып алышты. Согуштан кийин тездик менен өскөн сатуулар, июнь айында 301ге жетип быйылкы жылдын эң жогорку деңгээлине чыкты. Кийинки айларда өзгөргөн сатуулар ноябрь айында 277 деп катталды.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.