Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы экспорттоо рекордуна жетишти

Түркия экспортчулар биримдигинин (ТЭБ) маалыматына караганда, 2022-жылдын январь-октябрь айларында экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,4 пайызга өсүп, 209,5 миллиард долларга жетти.

1906297
Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы экспорттоо рекордуна жетишти

Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын 10 айында 17 миллиард 873 миллион долларлык экспорт менен январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортуна жетишти.

Түркия экспортчулар биримдигинин (ТЭБ) маалыматына караганда, 2022-жылдын январь-октябрь айларында экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,4 пайызга өсүп, 209,5 миллиард долларга жетти.

Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 2022-жылдын январь-октябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7 пайыздык өсүү менен 17 миллиард 873 миллион долларлык экспорт ишке ашырды. Ошентип сектор январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортуна жетти.

Өткөн айда сектордо эң көп чет элдик сатуу болгон өлкө 257 миллион доллар менен Германия болду. Германиядан кийин 234 миллион доллар менен Испания жана 161 миллион доллар менен Улуу Британия турат.

Сектор январь-октябрь айларында Германияга 3 миллиард доллар, Испанияга 2,3 миллиард доллар жана Улуу Британияга 1,8 миллиард доллар экспорттогон.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында ЕБ өлкөлөрүнө 11 миллиард доллар, башка Европа өлкөлөрүнө 2,3 миллиард доллар жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 1,4 миллиард долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар