Стамбул аэропорту Европадагы биринчи орунду сактап калды

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) учуу отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту сентябрь айында Европанын эң көп каттаган аэропортторунун арасында биринчи болууну улантты.

1885375
Стамбул аэропорту Европадагы биринчи орунду сактап калды

Стамбул аэропорту күнүмдүк 1286 каттам менен Европадагы биринчи орунду сактап калды.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) учуу отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту сентябрь айында Европанын эң көп каттаган аэропортторунун арасында биринчи болууну улантты.

Жарандык авиациянын башкы башкармалыгынын (SHGM) социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө,«2022-жылдын 19-26-сентябры аралыгында Стамбул аэропорту күнүнө орточо 1286 каттам менен Европанын эң көп кыймылдуу аэропорту болду. Түрк аба жолдору күнүмдүк орточо 1376 каттам менен эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында үчүнчү болду»,делди.

EUROCONTROL отчетуна караганда Амстердам Схипхол аэропорту (Нидерланды) Стамбул аэропортунан кийин күнүнө орточо 1272 каттам менен экинчи, Париж Шарль де Голль аэропорту (Франция) 1236 каттам менен үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар