Түрк балынын экспорту

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, Түркиядан жылдын 8 айында 57 өлкөгө бал сатылганын айтты.

1881696
Түрк балынын экспорту

Түркиядан январь-август айларында балдын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 80 пайызга өсүп 29 миллион 982 миң долларга жетти.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, Түркиядан жылдын 8 айында 57 өлкөгө бал сатылганын айтты.

Бул мезгилде 11 миң 432 тонна бал экспорттолуп 29 миллион 982 миң 111 доллар киреше алынганын белгилеген Калёнжу, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көлөм боюнча 130 пайызга, наркы боюнча 80 пайызга өскөнүн айтты.

Калёнжу эң көп экспорт кылынган өлкөлөрдүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Испания жана Германия экенин белгилеп: «Бул мезгилде АКШга 11 миллион 31 миң 296 долларга, Испанияга 4 миллион 477 миң 118 долларга, Германияга 4 миллион 66 миң 311 долларга бал сатылды»,- деди.

Балдын экспортунда өлкөлөрдүн түрдүүлүгүнүн көбөйгөнүн маалымдаган Калёнжу Словения, Перу, Дания, Ливан, Йемен, Түштүк Африка Республикасы, Ирак, Венесуэла, Барбадос, Мавритания, Либерия, Бангладеш, Түндүк Македония, Тайвань жана Португалияга да бул мезгилде бал сатылганын айтты. 



Тектеш кабарлар