Turkish Cargo Европанын эң ийгиликтүү аба жүк ташуучусу...

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) жыл сайын жарыялаган «Дүйнөлүк аба транспорту статистикасына» ылайык, Turkish Cargo жалпы ташуу көрсөткүчү менен аба жүк ташуучу компаниялар арасында Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунда болду.

1873145
Turkish Cargo Европанын эң ийгиликтүү аба жүк ташуучусу...

Түрк аба жолдорунун (THY) логистикалык бренди Turkish Cargo, Европанын эң ийгиликтүү аба жүк ташуучусу болду.

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) жыл сайын жарыялаган «Дүйнөлүк аба транспорту статистикасына» ылайык, Turkish Cargo жалпы ташуу көрсөткүчү менен аба жүк ташуучу компаниялар арасында Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунда болду.

THY басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Turkish Cargo, «Жүк тонна километр» (FTK) маалыматына ылайык, 2021-жылы 9,2 миллион тонналык ташуу көрсөткүчүн көрсөтүп, иш көлөмүн 32 пайызга көбөйттү жана Европанын алдыңкы аба жүктөрүн ташуу бренддерин артта калтырып чокуга көтөрүлдү.

2017-жылга карата флот, инфраструктура, процесс жана сапатты жакшыртуу инвестицияларынын натыйжасында Turkish Cargo акыркы 5 жылда дүйнөдө 22-орундан 4-орунга, базар үлүшүн 2,6 пайыздан 5,2 пайызга көтөрө алды.

2017-жылы флотунда13 жүк ташуучу учакка ээ болгон бренд 2022-жылы бул санды 53,8 пайызга көбөйтүп, учак санын 20га жеткирди. Флоттун кеңейүүсүнө жараша Turkish Cargo жүк учактары менен учкан багыттардын саны эки эсеге жакын көбөйүп, 2022-жылы 100гө жетти. THY жүк жана жүргүнчү ташууда эң көп эл аралык багыттарга каттамдарды уюштурган авиакомпания болуп калды.



Тектеш кабарлар