Антальяга келген турист санында өсүү болду
Түркияда эң көп 5 жылдыздуу мейманканага ээ болгон Антальяга жылдын алгачкы 7,5 айында чет өлкөдөн келген турист саны 8 миллиондон ашты.
Түркияда эң көп 5 жылдыздуу мейманканага ээ болгон Антальяга жылдын алгачкы 7,5 айында чет өлкөдөн келген турист саны 8 миллиондон ашты.
Деңизи, пляждары, жаратылышы, тарыхый жана маданий баалуулуктары менен жылдын 12 айы туристтерди кабыл алган Антальяда туризм активдүүлүгү коронавирус эпидемиясынан мурунку (Ковид-19) абалга кайта баштады.
Өткөн жылы 9 миллионго жакын туристти кабыл алган шаарга быйылкы жылдын 1-январынан 17-августуна чейин чет өлкөдөн 8 миллион 15 миң 366 турист келди.
Туристтердин келген өлкөлөрүнө каралганда бул жылы Россиянын ордун Германия алды. Германиядан өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 250 пайыздык өсүү менен 1 миллион 364 миң турист келди.
Жыл сайын биринчи орунда турган Россия быйыл экинчи орунду алды. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 13 пайыз өсүү менен быйыл Россиядан 1 миллион 276 миң турист эс алуу үчүн Антальяны тандады.
Россиядан кийин 617 миң 440 турист менен Британия, 392 миң 135 турист менен Польша жана 236 миң 115 турист менен Голландия келди.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.