IMF түрк экономикасынын өсүү болжолун көтөрдү

IMF дүйнөлүк экономика боюнча баяндамасын жаңылады.

1859847
IMF түрк экономикасынын өсүү болжолун көтөрдү

Эл аралык Валюта Фонду (IMF) түрк экономикасынын өсүү болжолун 2022-жылга карата 2,7 пайыздан 4 пайызга, 2023-жылга карата 3 пайыздан 3,5 пайызга көтөрдү.

IMF дүйнөлүк экономика боюнча отчетун жаңылады.

Отчетто түрк экономикасынын өсүү болжолдору быйылкы жыл үчүн 4 пайыз, келерки жыл үчүн 3,5 пайыз деп белгиленди.

Эл аралык валюта фондунун апрель айында жарыялаган болжолдорунда түрк экономикасынын 2022-жылы 2,7 пайыз, 2023-жылы 3 пайыз өсөөрү айтылган. 

Глобалдык экономикалык өсүү божомолдору төмөндөтүлгөн отчетто глобалдык экономиканын быйыл 3,2 пайыз, келерки жылы 2,9 пайыз өсүүсү күтүлүп жатканы белгиленди.

IMF апрель айында жарыяланган баяндамасында дүйнөлүк экономика 2022 жана 2023-жылдары 3,6 пайызга өсөт деп болжолдогон.

Отчетто дүйнөдө катаал финансылык шарттарды пайда кылган күтүлгөндөн жогору инфляциянын, Кытайдагы экономикалык басаңдоо, коронавирус пандемиясы жана 24-февралдан бери уланып жаткан Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштун кесепеттеринен улам алсыраган дүйнөлүк экономикага таасир эткени билдирилди.



Тектеш кабарлар