Түркиянын жеңил унаа экспорту

Түркия жылдын биринчи жарымында 4 миллиард 590 миллион 207 миң долларлык жеңил унаа экспорттоду.

1858525
Түркиянын жеңил унаа экспорту

Түркия жылдын биринчи жарымында 4 миллиард 590 миллион 207 миң долларлык жеңил унаа экспорттоду.

Январь - июнь айларында Түркиядан 97 өлкөгө, автономдуу аймактарга жана эркин аймактарга жеңил унаалар сатылды.

Франция жеңил унаа экспортунда биринчи орунду алды. Биринчи жарым жылдыкта бул өлкөгө жасалган  экспорт 659 миллион 248 миң долларды түздү.

Түркиядан эң көп жүргүнчү ташыган унаа экспорттолгон экинчи өлкө  Британия болду. Өткөн жылдын январь - июнь мезгилинде 395 миллион 105 миң долларлык жеңил унаа сатылган  Британияга жасалган экспорт быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 522 миллион 786 миң долларга өстү.

Үчүнчү орунда турган Испанияга жеңил унаа экспорту 405 миллион 862 миң доллардан 456 миллион 699 миң долларга өстү.

Түркиядан Франция,  Британия жана Испанияга болгон экспорт январь - июнь мезгилинде жалпы жеңил унаа экспортунун 35,7 пайызын түздү.

Экспортто Италия 412 миллион 844 миң доллар менен төртүнчү, Германия 382 миллион 151 миң доллар менен бешинчи, Польша 318 миллион 258 миң доллар менен алтынчы, Словения 207 миллион 664 миң доллар менен жетинчи, Израил 188 миллион 398 миң доллар менен сегизинчи, Египет 155 миллион 889 миң доллар менен тогузунчу жана 131 миллион 58 миң доллар менен Бельгия онунчу орунда.



Тектеш кабарлар