Кара деңиз газы үчүн түтүктөр тартылууда

Гигант кеменин ишин күздүн башына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

1854250
Кара деңиз газы үчүн түтүктөр тартылууда

Кара деңиздеги жаратылыш газын ташый турган түтүктөр терең сууларга тартыла баштады.

Кара деңизде 540 миллиард метр куб жаратылыш газын ташый турган түтүктөр тайыз тилкелерден кийин «Касторон» кемеси менен терең сууларда деңиз түбүнө коюла баштады.

Тайыз бөлүктөргө түтүк төшөө процесси аягына чыккан «Castoro 10» аттуу кеме өз милдетин терең суулар үчүн гигант «Castorone» кемесине тапшырды.

6-июль күнү Фильостун жээгине келген кеменин узундугу 325, туурасы 39 метр жана салмагы 56 миң 529 гросс тонна.

Гигант кеменин ишин күздүн башына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез социалдык медиа эсебинде мындай деди: «Кара деңиз газы үчүн гигант платформа терең деңиздерге түтүктөрдү төшөй баштады. Тайыз деңиз түтүктөрүн төшөө процесстери аяктады. Кара деңиздин 2200 метр ылдыйындагы энергетикалык базада иш 24/7 уланууда...»



Тектеш кабарлар