Түрк экономикасы биринчи чейректе 7,3 пайыз өстү

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) ички дүң продукциянын маалыматын жарыялады.

1835329
Түрк экономикасы  биринчи чейректе 7,3 пайыз өстү

Түркия экономикасы жылдын биринчи чейрегинде 7,3 пайыз өстү.

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) ички дүң продукциянын маалыматын жарыялады.

Буга ылайык өлкө экономикасы биринчи чейректе күтүлгөндөн ашып, өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 7,3 пайыз өстү.

Эң чоң өсүш финансы жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү секторунда болгон.

Биринчи кварталда финансы жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү 24,2 пайызга, ал эми маалымат жана байланыш ишмердүүлүгү 16,8 пайызга өскөн.

Тармактагы өсүш 7,4 пайыз деп жарыяланды.



Тектеш кабарлар