Министр Муш: «Бардык убакыттардын эң жогорку экспорту жасалды»

Министр Муш борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында апрель айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1822511
Министр Муш: «Бардык убакыттардын эң жогорку экспорту жасалды»

Соода министри Мехмет Муш экспорттун апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 24,6 пайыз өсүү менен 23,4 миллиард долларга жеткенин белгилеп: «Бул көрсөткүч бардык убактардын эң жогорку айлык экспорттук көрсөткүчү»,-деди.

Министр Муш борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында апрель айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Түркиянын 2021-жылдагы экспорттогу чоң ийгилигинен кийин 2022-жылдын алгачкы төрт айында күчтүү көрсөткүчүн улантканын баса белгилеген Муш:«Апрель айында экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 24,6 пайызга өсүп, 23,4 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспорт көрсөткүчү.

2022-жылдын биринчи үч айында биз эң жогорку айлык көрсөткүчтөрдү жарыяладык. Ошентип, биздин өсүү сериябыз уланды. Бир тараптан 29-апрелде ишке ашырган 1 миллиард 956 миллион долларлык экспортубуз республиканын тарыхында бир күндө жасалган эң жогорку экспорт болгону үчүн абдан баалуу»,-деди.

Министр Муш тышкы соода көлөмүнүн апрель айында өткөн жылга салыштырмалуу 30,1 пайыз өсүп 52,8 миллиард долларга жеткенин, импорттун болсо 2021-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 35 пайыз өсүп 29,5 миллиард долларга жеткенин айтты.

Муш, 2022-жылдын уландысында күчтүү көрсөткүчтүн улана турганына жана экспортто жаңы рекорддорго жетишине толук ишенгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар