Европа өлкөлөрүндө март айында инфляция эң жогорку чегине жетти
Европанын статистикалык бюросу Евростат) Европа Биримдиги менен Евро аймактын март айындагы инфляция боюнча жылдык маалыматын жарыялады.
Евро аймагында 24 - февралдан бери уланып жаткан Орусия - Украина согушу жана энергия баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу март айында жылдык инфляция рекорддук деңгээлге жетип, 7,4 пайызга көтөрүлдү.
Европанын статистикалык бюросу Евростат Европа Биримдиги менен Евро аймактын март айындагы инфляция боюнча жылдык маалыматын жарыялады.
Буга ылайык Европа Биримдигинде февраль айында 6,2 пайыз болгон жылдык инфляция март айында 7,8 пайызга чыкты. Евро аймагында февраль айында 5,9 пайыз болгон жылдык инфляция март айында 7,4 пайыз болду.
Евро аймагындагы инфляциянын рекорддору 1997-жылдан бери сакталып келген.
Ушундайча Евро аймагындагы инфляция март айында Eвростат тарабынан чогултулган акыркы 25 жылдан берки эң жогорку деңгээлге жетти.
Европада өзгөчө негизги азык-түлүк жана энергетикалык товарлардын жалпы баасынын өсүшү көңүлдөрдү бурууда.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.