Варанк БАЭде кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда өнөр жай жана технология тармагындагы потенциалдуу кызматташтык талкууланды.

1779640
Варанк БАЭде кесиптеши менен жолугушту

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри Султан Бин Ахмед Аль Жабер менен өнөр жай жана технология тармагындагы потенциалдуу кызматташтыкты талкуулады.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Варанк президент Режеп Таййип Эрдогандын БАЭге болгон эки күндүк сапарынын алкагында эки өлкөнүн өнөр жай, технология жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн БАЭлик кесиптеши Аль Жабер менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен БАЭнин мунай химиясы, өндүрүш өнөр жайы жана алдыңкы технологиялар тармагында жасай ала турган кызматташтык жана инвестицияга байланыштуу темалар талкууланып, өндүрүш өнөр жайынын келечеги үчүн жаңы технологияларды өнүктүрүү максатында Түркияда жаңы келишимге кол коюу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле эки өлкөнүн илим жана технология тармагындагы кызматташтыгы менен бирге биргелешкен изилдөө долбоорлору, тематикалык чакырыктар, технология трансфери, жакшы тажрыйбаларды бөлүшүү жана изилдөөчүлөрдү алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, инвестициялык чөйрөнү жеринде иликтеп көрүү үчүн жакын арада Аль Жабер баштаган делегациянын Түркияга келүүсү боюнча макулдашылды.



Тектеш кабарлар