Түркиянын өнөр жай өндүрүшү

Түркиянын статистикалык мекемеси, 2021-жылдын декабрь айына карата өнөр жай өндүрүшү индексин жарыялады.

1776987
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү

Түркиянын өнөр жай өндүрүшү 2021-жылдын декабрь айында жылдык негизде 14,4 пайызга өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси, 2021-жылдын декабрь айына карата өнөр жай өндүрүшү индексин жарыялады.

Буга караганда өнөр жай өндүрүшү жылдык 14,4 пайызга өстү.

Өнөр жайдын астыңкы секторлору талданганда, 2021-жылдын декабрь айында тоо-кен секторунун индекси өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөсө, кайра иштетүү өнөр жайы индекси 16,2 пайызды, электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерлерди өндүрүү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 6 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшү да айлык (декабрь айында) 1,6 пайызга жогорулады.

Өнөр жайдын ички тармактары талданганда, 2021-жылдын декабрь айында кайра иштетүү өнөр жай индекси 1,9 пайыз, электр энергия, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү менен бөлүштүрүү секторунун индекси 0,6 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар