Антальяда январь айындагы туризмде 178 пайыздык өсүү болду

Январь айында Антальяга аба жолу аркылуу 138 миң 604 чет элдик турист келди.

1772901
Антальяда январь айындагы туризмде 178 пайыздык өсүү болду

Январь айында Антальяга аба жолу аркылуу 138 миң 604 чет элдик турист келди.

Туризмде рекорддор жылы болгон 2019 -  жылдан дагы жогорулоону максат кылган Анталья 2022 -  жылды жакшы баштады.

Туризмде алынган коопсуз туризм сертификаты жана саякат чаралары туристтердин көңүлүн Антальяга бурду. Январь айында шаарга чет өлкөдөн 138 миң 604 турист  келди.

43 миң 219 турист менен 36, 68 пайыздык үшүлтү түзгөн орус туристтер 2022 -  жылы өлкөлөрдүн арасында Россия биринчи орунду алды.  Россиядан кийин 22 миң 28 турист менен Германия 2 -  орунду, 5 миң 987 турист менен Британия 3 -  орунду алып, Польша 4 миң 732, Казакстан 4 миң 570 турист менен биринчи беш өлкөнүн арасына кирди.

Өткөн жылы Түркияга убактылуу чектөө киргизген Британиянын саякат чектөөлөрүн жоюшу менен британиялык туристтер Антальяны тандашты.

2021 -  жылы январь айында 123  болгон британиялык турист саны 2022 -  жылы январь айында 5 миң 987ге жетти.



Тектеш кабарлар