Түркиянын болот өндүрүшү рекорд жаңылады
Болот өнөр жайы ийгиликтүү жылды артка калтырды.
Түркиянын чийки болот өндүрүшү өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу 12,7 пайыздык өсүү менен 40 миллион тоннадан ашып, бардык мезгилдердин эң жогорку өндүрүш көлөмүнө жетти.
Түркия Болот Өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын (TÇÜD) билдирүүсүнө караганда, дүйнөлүк соодадагы протекционисттик чаралар, чийки зат жана энергия тартыштыгы, көмүртектин эмиссиясын азайтуу максатындагы өндүрүштүк чектөөлөрдөн улам рыноктогу белгисиздиктерге карабастан болот өнөр жайы ийгиликтүү жылды артка калтырды.
Түркияда 2021-жылы иштетилбеген болот өндүрүшү мурунку жылга салыштырмалуу 12,7 пайыздык өсүү менен 40,4 миллион тоннадан ашып, бардык мезгилдердин эң жогорку өндүрүш көлөмүнө жетти.
Билдирүүдө: «Жаңы инвестициялардын негизинде сектордогу кыймылдуулуктун алдыдагы жылдарда да уланышын көздөп жатабыз», деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.