Түркиянын чийки болот өндүрүшү өстү

Баш кеңсеси Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жайгашкан Дүйнөлүк Болот Ассоциациясы ноябрь айына карата чийки болот өндүрүшүнүн маалыматтарын жарыялады.

1751283
Түркиянын чийки болот өндүрүшү өстү

Түркиянын чийки болот өндүрүшү ноябрь айында 3,4 миллион тоннага жетти.

Баш кеңсеси Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жайгашкан Дүйнөлүк Болот Ассоциациясы ноябрь айына карата чийки болот өндүрүшүнүн маалыматтарын жарыялады.

Буга ылайык, дүйнөлүк чийки болот өндүрүшү ноябрда 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,9 пайызга төмөндөп, 143,3 миллион тоннага жетти.

Кытайдын өндүрүшү 22 пайызга азайып, 69,3 миллион тоннаны түздү.

Япониянын өндүрүшү 10,7 пайызга өсүп 8 миллион тоннага жеткен болсо, Америка Кошмо Штаттарынын өндүрүшү 13,8 пайызга өсүп 7,2 миллион тоннага, Германиянын өндүрүшү 0,3 пайызга азайып 3,4 миллион тоннага жеткен.

Түркиянын чийки болот өндүрүшү болсо ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайыз өсүп 3,4 миллион тонна болду.



Тектеш кабарлар