Кушадасына круиздик кеме менен 900 турист келди

15 кабаттуу кеменин узундугу 295 метр, туурасы 33 метр.

1734630
Кушадасына круиздик кеме менен 900 турист келди

Айдындын Кушадасы районундагы Эгей портуна круиздик кеме менен 900 турист келди.

Багама желеги илинген " Norwegian Jade" кемесиндеги көпчүлүгү америкалык жарандар болгон туристтер порттон районго кирди.

Туристтердин айрымдары байыркы Эфес шаарын жана Мариям эне үйүн зыярат кылышты. Шаардын борборунда калгандар болсо тарыхый жерлерди кыдырып, соода кылышты.

Эгей Порт Кушадасы башкы директору Азиз Гүнгөр, 15 кабаттуу кеменин узундугу 295 метр, туурасы 33 метр экенин айтты.

Гүнгөр круиздик туризмдеги активдүүлүктүн кубандырганын белгилеп: «2022-жылы өзгөчө Кушадасы порту жагынан олуттуу өсүш боло баштайт. Кыйын күндөрдү артка таштап, тездик менен өсүп кайра мурунку күндөргө кайтабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар