Дөнмез: «Түркиянын тоо-кен продукцияларынын экспорту 9 айда 48 пайызга өстү»

Министр Дөнмез, борбор шаар Анкарадагы Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) имаратында өткөрүлгөн «Түркиянын тоо-кен өнөр жайынын өнүгүү отчету-2020» жыйынында сөз сүйлөдү.

1734779
Дөнмез: «Түркиянын тоо-кен продукцияларынын экспорту 9 айда 48 пайызга өстү»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын тоо-кен продукцияларынын экспортунун январь-сентябрь мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 48 пайызга өсүп 4 миллиард 380 миллион долларга жеткенин айтты.

Министр Дөнмез, борбор шаар Анкарадагы Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) имаратында өткөрүлгөн «Түркиянын тоо-кен өнөр жайынын өнүгүү отчету-2020» жыйынында, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясына каршы вакциналардын ишке кириши менен тоо-кен продукцияларына болгон суроо-талаптын өскөнүн айтты.

Акыркы мезгилде дүйнөдө жана Түркияда энергия жана тоо-кен продукцияларынын баасынын рекорддук деңгээлге жеткенине көңүл бурган Дөнмез: «Албетте, бул процесс бизге да таасирин тийгизди, бирок дүйнөдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу Түркия алардан тезирээк калыбына келди. 2021-жылдын 9 айында тоо-кен продукциялары экспортубуз 4,38 миллиард долларга өстү. Ушул эле мезгилге салыштырмалуу өткөн жылы экспортубуз 48 пайызга өстү. Өткөн жылдын сентябрь айында 584 миллион долларлык кен экспорт кылдык. Бул жерде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 39 пайызды түздү»,-деп айтты.

Аталган мезгилде Кытай, Америка Кошмо Штаттары жана Испаниянын эң көп экспорт жасалган 3 өлкө болгонун белгилеген Дөнмез, Түркиянын экспортуна жаңы базар катары Индонезия, Өзбекстан, Гонконг, Албания жана Сербиянын кошулганын айтты.



Тектеш кабарлар