Түркиянын келерки жылы 4,8 пайыздык деңгээлде өсөрү күтүлүүдө

Кредиттик рейтинг агенттигинин отчетунда Түркиянын келерки жылы 4,8 пайыздык деңгээлде өсөрү күтүлгөнү белгиленди.

1732350
Түркиянын келерки жылы 4,8 пайыздык деңгээлде өсөрү күтүлүүдө

Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Moody's, Түркиядагы каржылык тартиптин мамлекеттик каржынын туруктуулугун камсыздай турганын билдирди.

Кредиттик рейтинг агенттигинин «Өнүгүп келе жаткан рынокторго көз караш» аттуу отчетунда Түркиянын келерки жылы 4,8 пайыздык деңгээлде өсөрү күтүлгөнү белгиленди.

Отчетто: «Түркиянын каржылык тартиби жана экономикалык активдүүлүктү колдогон күчтүү кредиттик өсүшү, мамлекеттик каржынын туруктуулугун камсыздайт»,-деп айтылды.

Демографиялык көз караштын өнүгүп келе жаткан рыноктордогу банктардын ишмердүүлүгүнө тийгизе турган таасири да каралган отчетто, «Жумушчу күчүнүн улгайышы Чыгыш Европа жана Орусиядагы банктардын чечкиндүүлүгүн төмөндөтөт. Борбордук Азиядагы жана Түркиядагы банктар болсо жаш жана өсүп жаткан калктын насыя суроо-талабынан көбүрөөк пайда көрүшөт», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар