Евробиримдик Түркиянын өсүү болжолун 9 пайызга көтөрдү
Евробиримдиктин комиссиясы “2021-жылдын күз мезгилиндеги Европа экономикалык болжолдору” отчетун жарыялады.
Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы түрк экономикасынын 2021-жылдагы өсүү болжолун 5,2 пайыздан 9 пайызга көтөрдү.
Евробиримдиктин комиссиясы “2021-жылдын күз мезгилиндеги Европа экономикалык болжолдору” отчетун жарыялады.
Отчетто ЕБ экономикасынын быйыл 5 пайызга, 2022-жылы 4,3 пайызга жана 2023-жылы 2,5 пайызга өсөрү болжолдонууда.
Отчетто Евро аймагынын экономикасынын да быйыл 5 пайызга, 2022-жылы 4,3 пайызга, 2023-жылы 2,4 пайызга өсөрү көздөлдү.
Түрк экономикасынын өткөн жылы коронавируска (Ковид-19) карабастан 1,8 пайыз өскөнүн эске салган отчетто, Түркиянын быйыл 9 пайыз, 2022 жана 2023-жылдары 4 пайыз өсөөрү болжолдонууда.
Түркияга карата божомолдор камтылган мурунку отчетто түрк экономикасынын быйыл 5,2 пайыз өсөөрү көздөлгөн эле.
Отчетто быйылкы жылы Германия 2,7 пайыз, Франция 6,5 пайыз, Италия 6,2 пайыз, Испания 4,6 пайыз, Нидерландия 4 пайыз, Бельгия 6 пайыз, Греция 7,1 пайыз, Ирландиянын 14,6 пайыз өсөөрү болжолдонууда.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.