Зайтун жана зайтун майынын экспорту

Түркиянын зайтун жана зайтун майы экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 57,4 пайызга өсүп 30 миллион 30 миң долларга жетти.

1718389
Зайтун жана зайтун майынын экспорту

Түркиянын зайтун жана зайтун майы сектору эң көп Испанияга экспорт жасады.

Түркиянын Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) маалыматтарына караганда, Түркиянын зайтун жана зайтун майы экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 57,4 пайызга өсүп 30 миллион 30 миң долларга жетти. Ушундайча бул сектор айыл чарба тобунда экспортун эң көп көбөйткөн сектор катары көңүлдү бурду.

Түркиянын зайтун жана зайтун майы сектору эң көп экспорт кылган өлкө Испания болсо, бул мезгилде Испанияга 4 миллион 670 миң долларлык экспорт жасалды.

Испаниядан кийин 3 миллион 794 миң доллар менен АКШ, 3 миллион 724 миң доллар менен Германия, 3 миллион 107 миң доллар менен Ирак, 1 миллион 714 миң доллар менен Румыния, 1 миллион 452 миң доллар менен Япония, 1 миллион 230 миң доллар менен Сауд Арабиясы, 1 миллион доллар менен Кот -д'Ивуар, 649 миң доллар менен Болгария, 527 миң доллар менен Израиль турат.



Тектеш кабарлар