Түркия темир жолдору Европада 6чы, дүйнөдө 8-орундагы ылдам жүрүүчү поезд операторуна айланды

Адил Караисмаилоглу Стамбул Сиркежи темир жол станциясында өткөрүлгөн Казлычешме-Сиркежи шаардык транспорту жана эс алууга багытталган трансформация долбоорунун таанытылышына катышты.

1708248
Түркия темир жолдору Европада 6чы, дүйнөдө 8-орундагы ылдам жүрүүчү поезд операторуна айланды

 

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Түркия Республикасынын Мамлекеттик темир жолдорун (TCDD) Европада 6чы жана дүйнөдө 8- орундагы ылдам жүрүүчү поезд оператору кылганын айтты.

Адил Караисмаилоглу Стамбул Сиркежи темир жол станциясында өткөрүлгөн Казлычешме-Сиркежи шаардык транспорту жана эс алууга багытталган трансформация долбоорунун таанытылышына катышты.

Бул жерде сүйлөгөн Караисмаилоглу дагы бир маанилүү чыгарманы Стамбулга алып келгенине кубанычтуу жана сыймыктангандыктарын айтты.

Адил Караисмаилоглу 2003 -жылдан бери темир жол инвестициясына артыкчылык бергенин жана биринчи жумуш катары өлкөдөгү бардык темир жол желелерин жаңыртканын айтты.

Өлкөдөгү темир жолдун узундугун 12 миң 803 километрге чейин көбөйткөндөрүн белгилеген Караисмаилоглу, учурда 3 миң 500 чакырымдык жаңы темир жолдун курулушу улантылып жатканын айтты.

2003-2020 -жылдар аралыгында темир жол инвестициялары үчүн 212 миллиард лира инвестиция салынганын баса белгилеген Караисмаилоглу:«Биз Кытайдан Англияга чейин созулган Жибек темир жолунун ортоңку тилкесиндеги эл аралык транзиттик -логистикалык борборго айландык. Баку-Тбилиси-Карс линиябыз менен аймагыбыздагы эффективдүүлүгүбүздү күчөттүк. Биз TCDDди Европада 6чы жана дүйнөдө 8- орундагы ылдам жүрүүчү поезд оператору деңгээлине чыгардык»,-деди.



Тектеш кабарлар