Түркия эң көп чайды Бельгияга экспорттоду

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Түркиядан 3 миң 49 тонна чай экспорттолду.

1707754
Түркия эң көп чайды Бельгияга экспорттоду

Түркия 2021-жылдын январь-август мезгилинде 110 өлкөгө чай экспортунан 11 миллион 898 миң 412 доллар киреше тапты.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөдөн 3 миң 49 тонна чай экспорттолду. Бул экспорттон 11 миллион 898 миң 412 доллар киреше алынды.

Бельгия, Германия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Франция жана Нидерландия чай сатуудан эң көп киреше түшкөн өлкөлөр болду.

Бул мезгилде Бельгияга 4 миллион 868 миң 731 доллар, Германияга 1 миллион 210 миң 136 доллар, АКШга 810 миң 115 доллар, ТКТРге 510 миң 145 доллар, Францияга 494 миң 672 доллар жана Нидерландиягв 465 миң 285 долларлык чай экспорттолду.

Былтыркыдан айырмаланып, чай бул мезгилде Эфиопия, Литва, Хорватия, Дания, Польша жана Египет сыяктуу дагы 16 өлкөгө жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар