Түркиянын зайтун майы экспорту
Зайтун майынын экспортунда 33 миллион доллар менен АКШ, зайтундун экспортунда болсо Германия 36 миллион доллар менен биринчи орунду ээледи.
1701424
Түркиянын зайтун майы экспорту ноябрь-июль айларынын аралыгында мурунку сезондун тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6 пайыз өсүп 96 миллион долларга жетти.
Эгей зайтун жана зайтун майын экспорттоочулар ассоциациясынын башчысы Давут Эр жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө мындай маалыматтарды берди:
«2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде зайтундун экспорту 1,6 пайызга өсүп 125 миллион долларга жетти. 2020-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 31-июлуна чейинки аралыкта зайтун майынын экспорту болсо 6 пайызга жогорулап 96 миллион долларга жетти».
Зайтун майынын экспортунда 33 миллион доллар менен АКШ, зайтундун экспортунда болсо Германия 36 миллион доллар менен биринчи орунду ээледи.