Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы туристтик багыты Абант

52 туристтик агенттиктин өкүлдөрү Абантка келишти.

1652213
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы туристтик багыты Абант

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү туризм багыттарын Абантка бурушту.

Баш кеңсеси Жакынкы Чыгышта жайгашкан 52 туристтик агенттиктин өкүлдөрү, жайында Түркияга зыярат кыла турган коноктору үчүн саякат маршрутун түзүү үчүн Абантка келишти.

Агенттиктердин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө таанытуу жүргүзүү максатында Абантта жетекчилерден маалымат алышты.

Ливанда жайгашкан туризм компаниясынын жетекчиси Арья Алсаид, Түркиянын Ливанда абдан популярдуу экендигин белгилеп: «Биз Түркияга байланыштуу көп нерселерди сатып жатабыз. Ливандык конокторубуз жаңы көздөгөн жерибиз болгон Абантка келе алышат. Табияты жана көлү абдан кооз. Пандемиядан кийин ливандыктар Стамбул менен Абантты кыдырышат деп ишенем», деди.

Туристтик агенттиктин кызматкери Ахмет Фанса Ибдисем болсо туризмдин адиси катары даярдыктарын аяктагандыгын белгилеп: «Биздин сезон акырындап башталганы жатат. Бардык туристтерди Түркияга чакырабыз», деп айтты.



Тектеш кабарлар