Бурсадан 4 айда 90 миңге жакын унаа экспорттолду

Экспорттон 3 миллиард 632 миллион 794 миң долларлык киреше түштү.

1643721
Бурсадан 4 айда 90 миңге жакын унаа экспорттолду

Түркиянын экспортуна чоң салым кошкон Бурса шаарынан январь-апрель мезгилинде 89 миң 887 автоунаа чет өлкөгө жөнөтүлдү.

Түркияда жылдын 4 айында 288 миң 211и автомобиль жалпы 470 миң 859 унаа чыгарылды.

Жалпы өндүрүштүн 73,5 пайызына туура келган 212 миң 56сы экспорттолсо, аталган сатуудан 3 миллиард 632 миллион 794 миң долларлык киреше түштү.

Январь-апрель мезгилинде 89 миң 887 автоунаа менен тышкы сатууга чоң салым кошкон Бурсадан OYAK Renault жана TOFAŞ команиясынын экспорту, Түркиянын жалпы автомобиль экспортунун 42,38 пайызын түздү.

Бурсада 4 айда өндүрүлгөн 131 миң 870 автоунаанын 68,16 пайызы чет өлкөгө жөнөтүлсө, шаарда күнүмдүк лентадан чыккан унаалардын саны 1100, күнүмдүк экспорттун саны болжол менен 750 болду.



Тектеш кабарлар