Түркия шамал энергиясын инвестициялоодо Европа бешинчиси болду

WindEurope уюмунун Шамал энергиясын каржылоо жана инвестициялоо тенденциясы боюнча отчетуна ылайык, өткөн жылы Европанын шамал энергетикасы тармагына 42,8 миллиард евро инвестиция салынган.

1620710
Түркия шамал энергиясын инвестициялоодо Европа бешинчиси болду

Түркия, 2020-жылы кургактыктагы шамал энергиясын инвестициялоо менен, Европа өлкөлөрүнүн рейтингинде эң көп инвестиция салган биринчи бештикте орун алды.

WindEurope уюмунун Шамал энергиясын каржылоо жана инвестициялоо тенденциясы боюнча отчетуна ылайык, өткөн жылы Европанын шамал энергетикасы тармагына 42,8 миллиард евро инвестиция салынган.

Ушул мезгилдин ичинде 26,3 миллиард евро инвестициялары оффшордук долбоорлорго жумшалып, жалпысынан 7,1 гигаватт деңиздеги шамалдын кубаттуулугу орнотулган.

Кургактыктагы шамал энергетикасы тармагына жумшалган инвестициянын көлөмү өткөн жылы 16,5 миллиард еврого жетти. Бул инвестиция менен кургактыктагы шамал электр станциясынын жалпы кубаттуулугу 12,5 гигаватт пайдаланууга берилди.

Улуу Британия былтыркы жылы жер жана оффшордук долбоорлорду камтыган инвестициялардын жалпы рейтингинде 13,5 миллиард евро көлөмүндөгү инвестиция менен алдыңкы орунду алып аяктады. Нидерландия 7,9 миллиард евро инвестиция менен Улуу Британиядан кийинки экинчи орунду ээледи.

Рейтингде Германия 2,2 миллиард евро инвестиция менен үчүнчү, Франция 1,8 миллиард инвестиция менен төртүнчү орунду ээледи. Түркия болсо бир миллиард евролук инвестиция менен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди.



Тектеш кабарлар