Түркиядан январь айында 31,4 миллион долларлык лимон экспорттолду
Жаңы жылдын биринчи айында цитрус өсүмдүктөрүнүн экспортунан 128 миллион долларлык киреше түштү.
1586146
Түркиянын лимон экспорту 2021-жылы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,77 пайызга өсүп, 31 миллион 418 миң долларды түздү.
Жер Ортолук деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматына караганда, жаңы жылдын биринчи айында цитрус өсүмдүктөрүнүн экспортунан 128 миллион долларлык киреше түштү. Анын 24,5 пайызы лимондун экспортунан турат.
Өткөн жылдын январь айында 30 миллион 275 миң долларды түзгөн лимондун экспорту быйыл январь айында 31 миллион 418 миң долларга көбөйдү.