Британиялыктар 2020 - жылы да Мугланы тандашты

Көрүнүктүү туризм борборлорунун бири болгон Мугла Ковид  - 19га карабастан берген ишенимдүү саламаттык сактоо кызматынан улам британиялыктардын тандаган жери болду.

1565860

Дүйнөнүн маанилүү туризм жерлеринин арасында орун алган Мугла деңизи, куму, күнү жана тарыхый, табигый кооздуктары, байыркы шаарлары менен мыкты турак жайлары менен да алдыга чугууда.

Жыл сайын миллиондогон туристти тосуп алган шаарга маданият жана туризм министрлигинин координациясында Ковид  - 19 процессинде баштатылган «Коопсуз туризм сертификаты программасынын» негизинде коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Түркияга келген британиялык туристтердин көпчүлүгү тандаган Мугла өткөн жылы да бул өлкө жарандарын тосуп алган.

Өткөн жылы Муглага 695 314 турист келген. Эң көп турист келген өлкөлөр кезеги менен 309 717  турист менен Британия, 159 397  турист менен Россия, 127 564 турист менен Украина, 17 424 турист менен Польша, 16 313 турист менен Германия болду.

Тектеш кабарлар