Түркия шамал энергиясын өндүрүүчү шаймандарды экспорттоодо

Түркия шамал энергиясын өндүрүүчү жабдууларды чыгарууда Европада 5-орунда турат.

1554642
Түркия шамал энергиясын өндүрүүчү шаймандарды экспорттоодо

Европада шамал энергиясын өндүрүүчү жабдууларды чыгарууда 5-орунга көтөрүлгөн Түркия 6 континенттеги 44 өлкөгө шаймандарды сатууда.

Түркиянын шамал энергетикалык тармагында быйыл 2 миң 500 мегаваттык кошумча кубаттуулук максатталса, коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын таасири менен активдештирилген шамал энергиясы кубаттуулугунун жылдын аягына чейин 1200 мегаватт деңгээлинде болоору күтүлүүдө.

Мындай кубаттуулук менен жалпы электр энергиясынын 8,5 пайызы камсыздалып, болжол менен 1 миллиард долларлык жаратылыш газынын импорту алдын алынат.

Ушундайча жылдын аягынан тарта Түркиянын жалпы шамал энергиясын орнотуу күчүнүн 10 миң мегаваттка жетиши күтүлүүдө.

Түркиянын шамал энергетикасы сектору кубаттуулукту арттырышы менен бирге жабдууларды өндүрүүдө да өнүгүүдө.

Түркиянын Шамал Энергиясы Ассоциациясынын маалыматына караганда, Түркияда бул тармакта кызмат көрсөткөн 79 фирма 6 континенттеги 44 өлкөгө шамал энергиясы шаймандарын экспорттоодо. 



Тектеш кабарлар