Түркиянын экономикасында жылдын үчүнчү чейрегинде 6,7 пайыздык өсүш болду

Түркия Статистикалык мекемеси (TUIK), үчүнчү чейректе (июль-сентябрь) ички дүң өнүмдүн (ИДП) жыйынтыктарын жарыялады.

1536965
Түркиянын экономикасында жылдын үчүнчү чейрегинде 6,7 пайыздык өсүш болду

Түркиянын экономикасында жылдын үчүнчү чейрегинде 6,7 пайыздык өсүш болду.

Түркия Статистикалык мекемеси (TUIK), үчүнчү чейректе (июль-сентябрь) ички дүң өнүмдүн (ИДП) жыйынтыктарын жарыялады.

Буга караганда, ушул жылдын үчүнчү чейрегинде коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын жаңы түрүнө карабастан, өткөн жылдын ушул чейрегине салыштырмалуу ИДП 6,7 пайызга өстү.

ИДПны түзгөн иш-чаралар каралса, ушул жылдын үчүнчү кварталында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылык жана камсыздандыруу иш-чаралары 41,1 пайызды, маалыматтык-коммуникациялык иш-аракеттер 15 пайызды, өнөр жай 8 пайызды, курулуш 6,4 пайызды, айыл чарба 6,2 пайызды түздү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6 пайызга, кыймылсыз мүлк иши 2,8 пайызга, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, адамдардын ден-соолугун коргоо жана социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсү 2,4 пайызга, кызмат көрсөтүү 0,8 пайызга көбөйгөн.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Твиттердеги аккаунтунда, жылдын үчүнчү чейрегиндеги ИДПнын жыйынтыктарына баа берип, Түркиянын көңүлдү өзүнө бурган бекем өндүрүштүк инфраструктурасы бар деп айтып: «Өндүрүштүн жана кечеңдеген суроо-талаптын да салымы менен биз эпидемиядан кийинки үчүнчү чейректе 6,7 пайызга өсө алдык. Кийинки мезгилди пандемиянын агымына жараша пландаштырып жатабыз. Биздин максатыбыз өсүүнү бекем жана туруктуу жол менен улантуу»,-деди.



Тектеш кабарлар