Дүйнөлүк экономикага Ковид-19дун таасири жана Түркия...

Экономикага жана адамдардын ден-соолугуна коркунуч келтирген Covid-19, экономикаларды Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөндөй кыйроого учуратты.

1524414
Дүйнөлүк экономикага Ковид-19дун таасири жана Түркия...

Дүйнөлүк экономиканы туңгуюкка кептеген коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) кризисинде, Түркиянын экспорттун көбөйтүү потенциалы көңүлдү бурууда.

Экономикага жана адамдардын ден-соолугуна коркунуч келтирген Covid-19, экономикаларды Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөндөй кыйроого учуратты.

Көптөгөн өлкөлөрдөгү заводдордо өндүрүш токтоп калганда, айрым чекене компаниялар дүкөндөрүн жабууга аргасыз болушкан. Бир нече жуманын ичинде дүйнө жүзү боюнча 500 миллиондой жумуш орду кыскарган.

Ковид-19 глобалдык экономикадагы расмий эмес иерархияны жок кылса, Кытай сыяктуу экономикалар кризистин салыштырмалуу "жеңүүчүсү", ал эми Европа Биримдиги (ЕБ) экономикасы "утулган" катары айырмаланып турат.

Баш кеңсеси Цюрихте жайгашкан UBS инвестициялык банкы жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, Кытай дүйнөлүк экономикалык өндүрүштөгү базар үлүшүн 2019-2021-жылдар аралыгында болжол менен 9 пайызга көбөйтөт деп күтүлүүдө.

ЕБ болсо 2019-жылдан 2021-жылга чейин Ковид-19 кризисинен улам глобалдык экономикадагы үлүшүнүн 3,5 пайызын жоготушу мүмкүн.

ЕБтен тышкары Брексит менен алпурушуп жаткан Улуу Британия жана Россия дагы утулгандардын катарына кирет.

Түркия жана Түштүк Корея жеңген өлкөлөрдүн катарына кирсе, дүйнөнүн эң ири экономикасы болгон Америка Кошмо Штаттары (АКШ) позициясын болжол менен кийинки жылы сакташы керек деп билдирилди.



Тектеш кабарлар