Дүйнөлүк Банк тобу жана Эл аралык Валюта Фонду жыйналыштарын 2022-жылга жылдырды
Бул тууралуу Валюта кору жана Дүйнөлүк банк тарабынан бир убакта билдирүү жасалды.
Дүйнөлүк Банк тобу жана Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнө байланыштуу Марокконун Марракеш шаарында 2021-жылдын октябрь айына белгиленген жылдык жолугушууларды 2022-жылга жылдырылганын жарыялады.
Валюта кору жана Дүйнөлүк банк тарабынан бир эле мезгилде жасалган билдирүүдө, жылдык жолугушуулар ЭВФтин жана Дүйнөлүк Банктын Вашингтондогу штаб-квартирасында 2 жыл, ал эми 3 жылда бир мүчө өлкөлөрдүн биринде өткөрүлүп турганы эскертилген.
Билдирүүдө, 2021-жылдын октябрь айында Марокконун Марракеш шаарында өткөрүлүшү пландаштырылган Дүйнөлүк Банк тобу-ЭВФтин жылдык жолугушуулары Ковид-19 эпидемиясынын чыгышына байланыштуу 12 айга кийинкиге жылдырылгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.