Антальяга көбүнчө орустар менен украиндер келишти
Жаңы жылдан 30-сентябрга чейин 2 миллион 576 миң 537 туристти тосуп алган Анталия, Ковид-19 процессинде дүйнөдөгү эң көп тандалган шаарлардын катарына кирди.
Анталияга жылдын 9 айында келген 2 миллион 576 миң 537 чет элдик туристтин көпчүлүгү орустар жана украиндер болду.
Дүйнөнүн маанилүү туризм багыттарынын катарына кирген Анталья деңиз, кум жана күн менен кошо сууда сүзүү, спорт жана гольф туризми менен өзгөчөлөнүп турат.
Маданият жана туризм министрлигинин координациясында коронавирус (Ковид-19) процессинде башталган "Коопсуз туризмди сертификациялоо программасынын" алкагында туристтер шаарда ишенимдүү жана коопсуз эс алышууда.
Жаңы жылдан 30-сентябрга чейин 2 миллион 576 миң 537 туристти тосуп алган Анталия, Ковид-19 процессинде дүйнөдөгү эң көп тандалган шаарлардын катарына кирди.
Пандемиялык мезгилде көрүлгөн чаралардан улам коопсуз эс алуунун дарегине айланган Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөр 1 миллион 831 киши менен Россия, 448 миң 189 адам менен Украина, 272 миң 386 киши менен Германия, 196 миң 695 киши менен Англия болду.
Тектеш кабарлар
Түрк текстиль өнөр жайынын экспорту
Текстиль өндүрүүчүлөрү 183 өлкө жана эркин аймактарга өз өнүмдөрүн жөнөтүштү.
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.