Түркия коңшуларына 10,8 миллиард долларлык экспорт жасады
Түркиянын ушул жылдын 9 айында тышкы соода көлөмү 118 миллиард 355 миллион доллар болду.
Түркия ушул жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Иран, Греция, Ирак, Грузия, Сирия жана Болгарияга 10,8 миллиард долларлык экспорт жасады.
Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын жана Соода министрлигинин маалыматына караганда, Түркиянын ушул жылдын 9 айында тышкы соода көлөмү 118 миллиард 355 миллион доллар болду.
Түркия, январь-сентябрь айларында коңшулаш Иран, Греция, Ирак, Грузия, Сирия жана Болгарияга 10 миллиард 802 миллион долларлык экспорт ишке ашырды.
9 айлык мезгилде эң жогорку экспорт 5 миллиард 15 миллион 967 миң доллар менен Иракка жасалды.
Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 738 миллион 643 миң доллар менен Болгария жана 1 миллиард 241 миллион 788 миң доллар менен Греция турат.
Ушул мезгилде эң аз экспорт болсо 670 миллион 985 миң доллар менен Сирияга жасалды.